10:21 18 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шарапов. Архив

Эл өкүлү: Суу ресурстары агенттигине алдуу-күчтүү жетекчи келиши керек

© Фото / пресс-служба ЖК
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
84 0 0

Депутат суу, ирригация тармагына көптөгөн акча бөлүнөрүн, эффективдүү пайдаланса дыйкандарга жакшы шарт түзүлөт эле деген тынчсыздануусун билдирди.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шарапов жакында эле Суу департаментинен Суу ресурстары агенттиги болуп түзүлгөн мекемеге жаш жетекчи келиши керектигин парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Эл өкүлү азыркы жетекчи пенсия курагында болгондуктан өлкөнүн суу, ирригация тармагына кетип жаткан акчалардын иштетилишин жакшы көзөмөлдөй албаган сыяктуудай деп кошумчалады. Шарапов мисал катары Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнө 2018-2020-жылдарга карата баасы 52 миллион сом болгон ирригациялык тутум куруу каралганын айтты. Бирок бул курулуш аяктабай жатып, айрым жерлери жараксыз абалга келгенине токтолду.

"Долбоор бүтө элек, бирок айрым жерлери бузулуп калыптыр. Ал жактагы куурлар да сууларды бөлгөнгө ыңгайсыз экен. Долбоордун каражаты кыскартылганбы, билбейм, бир канал айылга эки чакырым жетпей токтосо, экинчиси үч чакырым жетпей токтоптур. Ал жактагы эл багын сугаруу үчүн мурдагы сайды пайдаланып жатат", — деди ал.

Шарапов долбоордун алкагында салынып жаткан иштер менен комиссия барып таанышканын, дагы кошумча долбоор тартуу керек деген бүтүм чыгарганын белгиледи.

"Эмне үчүн ошол долбоор аягына чейин пландалган эмес. Быйыл долбоор бүтөт, бирок иштер бүтпөй калды. Элден кайра акча сурап жатабыз. Суу ресурстары агенттигинин жетекчиси чарчаганбы же кандай? Өзү деле пенсия жашына келген жетекчи болсо керек. Жашыраак, алдуу-күчтүү жетекчи койбойсуздарбы", — деп өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.

Депутат суу, ирригация тармагына көптөгөн акча бөлүнөрүн, эффективдүү пайдаланса дыйкандарга жакшы шарт түзүлөт эле деген тынчсыздануусун билдирди.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Депутат: Көлдөгү пансионаттар туристтердин коопсуздугуна кайдыгер
Депутат парламентти аралап жүргөн "монстр" тууралуу айтып берди
Белгилер:
дайындоо, жетекчи, ирригация, Суу, Закир Шарапов

ЭҢ МААНИЛҮҮ