Депутат парламентти аралап жүргөн "монстр" тууралуу айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рыспаев профсоюздар мамлекеттин мүлкүнүн баарын сатып жатканын, бул боюнча өкмөткө тапшырма берүү керектигин айтты.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев акыркы кезде профсоюздардын айланасында болуп жаткан иштер тууралуу маселе көтөрдү.

Эл өкүлү профсоюздар алар тууралуу мыйзам жазып жаткан депутаттардын кабинеттерине чейин кирип келип, ортого тааныш-билиштерин салып жатканына нааразы.

"Профсоюз деген бизде монстр чыкты. Мыйзам жазып жатсак депутаттардын кабинеттерин кыдырып жүрүшөт. Менин колумда ушундай чакырыктар бар. Койлор деп жатышат. Ачык эле телефон номерлерин коюп жазып жатат. "Кутман таң, профсоюздар жөнүндө жаңы мыйзам жазып жаткандарды жоготуш керек. Ошолордун 2020-жылкы шайлоодогу тизмеде болбошуна аракет кылыш керек. Бул биздин колдон келет, биз жеңебиз" деп жатат", — деп депутат тарап жаткан чакырыкты жалпы жыйында окуп берди.

Рыспаев өз сөзүндө профсоюздар мамлекеттин мүлкүнүн баарын сатып жатканын, бул боюнча өкмөткө тапшырма берүү керектигин кошумчалады.

Депутат ЖК Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан
Садык Шер-Нияз жаңы дайындалган билим берүү министрине эскертүү берди
"Директорлор кеңешиндеги 28 киши мамлекеттин ичиндеги мамлекет болбосун. Өкмөткө тапшырма бергиле, биз бул мыйзамды өткөргөнгө чейин бир да мүлк сатылбасын. Мына "Достук" мейманканасын сатабыз деп дүрбөп жатышат", — деди ал.

Эл өкүлү өз сөзүндө айрым жетекчилер көлөчүн кие албай калганга чейин, 90го чыкканга дейре жумушта отурганын айтып, "булар Кудайдын эркесиби" деп жинденди.

Депутат учурунда айрым жетекчилердин "чимкирик" деген сөзүнө "элита" деп коюп катуу сынга кабылганын белгилеп, ал сөзүнөн кайтпай турганын, чындап эле бул жерде татыктуу кишилер отурганын айтты. Ал ошондой эле Жогорку Кеңеш профсоюздар боюнча мыйзамды колдоп өткөрбөсө, коомчулукка шылдың болорун билдирди.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0