Аравандагы Өзбекстандын аскер техникасы. Аким кырдаал тууралуу

© AP Photo / Anvar Ilyasov, PoolПограничная зона между Узбекистаном и Афганистаном
Пограничная зона между Узбекистаном и Афганистаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Керкидан айылынын тургундары өзбекстандык жоокерлер тосмо орнотуп жатканына нааразы болуп чыгышкан.

ОШ, 11-сен. – Sputnik. Ош облусундагы Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан айылында учурда абал туруктуу, чогулган элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске салсак, кечээ, 10-сентябрь күнү, Керкидан суу сактагычынын аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасына Өзбекстандын жоокерлери тосмо орното баштаган. Муну мыйзамсыз деп эсептеген кыргызстандыктар митингге чыгышкан. Жеринде Өзбекстандын аскерий техникасынын турушу кырдаалды курчуткан.

Акимдин айтымында, өзбекстандык жоокерлер Керкидан суу сактагычынын жанындагы "өз" аймагын тосушкан.

"Аталган аймак эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин такталган. Бирок атайын белгилер орнотула элек. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү", — деди Айтибаев.

Ал ошондой эле абал тынч экенин айтып, эл тараганын билдирди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0