Депутат министр болчу Исаковдун мектеп фонддорун жабам деген оюн сынга алды

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова
Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-сентябрда Жогорку Кеңеш билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин карады.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова билим берүү жана илим министри кызматына талапкер Каныбек Исаковдун мектеп фонддорун жабам деген ою туура эмес экенин айтып, сынга алды.

Депутат ЖК Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Момбеков: окуучулар күнүнө 7 сомдук, ИИМдин иттери 100 сомдук тамак ичет
Бүгүн, 11-сентябрда, Жогорку Кеңеш билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин карады.

Талкуу учурунда Исаков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, эгер мамлекет мектептерди толук каржылай ала турган болсо фонддорду жоюу максатка ылайык боло турганын айткан болчу.

Строкова билим берүү министри коомдук фонддорду жаба албай турганын, "жаап салам" деп алдабаш керектигин айтып, фонддун ишмердиги башка мыйзамдар менен жөнгө салынарын билдирди.

"Фонддор болбосо билим тармагы өнүгө албайт, аны билим берүү министри, премьер-министр дагы моюнга алышы керек. Муну баары түшүнүп жатат", — деди ал.

Печать избирательных бюллетеней для выборов президента Украины - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт эмне үчүн окуу китептери чет жакта басылып калганын түшүндүрдү
Депутат айым ошондой эле билим берүү Конституцияда бекер деп жазылганы менен анын инфраструктурасы, ремонту мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт деп жазылбаганын билдирди. Ал ошондой эле бир мектепте 500, экинчисинде 1000, үчүнчүсүндө 100 сом чогултуларын айтып, муну чечсе болорун белгиледи.

Эл өкүлү фонддорду жоюп салса эле баары жакшы болуп кетпей турганын кошумчалады.

Строкова, андан сырткары, чет жакка барып эс алып жаткан директорлор, завучтар жана мугалимдер жалаң гана ата-энелердин акчасына барат деген жаңылыш түшүнүк экенин белгилеп өттү.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0