Министрлик азгырык болот. Депутат министр болчу Исаковго өзгөчө каалоо айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Бактыбек Сыдыков
Депутат ЖК Бактыбек Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү министр болом деген Исаковго министрликке өз тажрыйбасын калтырып кетүүсүн суранды.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков билим берүү жана илим министри кызматына талапкер Каныбек Исаковду министр болуп келгенден кийин азгырыкка алдырып жибербөөгө чакырды.

Бүгүн, 11-сентябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин карады.

Эл өкүлү Сыдыков министр болгондон кийин креативдүүлүгүн жоготпошу керек деп эсептейт.

"Министрлик кызмат азгырык болот. Министр болгондон кийин өзүңүздүн креативдүү, прогрессивдүүлүгүңүздү калтырбай, азгырыкка берилбей, катардагы келип кеткен министрлерден болбоңуз. Чындыгында мамлекетибиздин сапаты, анын түзүлүшү билимдүү адамдардын түзүлөт. Орустар "акмакка караганда билимдүү кишилер менен сүйлөшүү жеңил" деп айтышат. Катардагы министр болуп калбаңыз, министрликтен кеткенден кийин ректор болуп барып иштей албайсыз", — деди Сыдыков.

Депутат ошондой эле Исаковго министрликке өз тажрыйбасын калтырып кетүүнү каалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0