Абылгазиев билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковду сунуштады

© Фото / пресс-служба ОшГУРектор ОшГУ Каныбек Исаков
Ректор ОшГУ Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда кызматтан бошотулган.

БИШКЕК, 26-апр — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билим берүү жана илим министри кызматына Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаковдун талапкерлигин сунуштап, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Каныбек Исаков 2011-жылдан бери аталган окуу жайдын ректору болуп келет.

Эске салсак, мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда кызматтан бошотулган. Өкмөт буга өзүнүн арызы себеп болду деп түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, Кудайбердиева министрликти башкарып турган учурда бир топ сынга кабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0