Момбеков Турдакун Усубалиевдин туугандарынын эки таарынычын айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Рыскелди Момбеков. Архив
Депутат Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат эски аянтка Усубалиевдин атын берүү катачылык гана болорун белгиледи.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө, анын атын түбөлүккө калтыруу боюнча көрүлүп жаткан даярдыктар ойдогудай болбой жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты.

Эл өкүлүнүн пикиринде, 100 жылдык мааракени уюштуруу иштерин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев орун басарына өткөрүп берип койгону жосунсуз жорук.

"Кечээ мен Кочкордон келген Турдакуновдун туугандарын, жердештерин кабыл алдым. Ачык эле айтайын, алар азыркы аткаруу бийлигинин ишине нааразы экен. Эмнеге? Ириде көрүнүктүү инсаныбыздын атын түбөлүккө калтыруу максатында 100 жылдык мааракени уюштурууну өкмөт башчы өзү жетектебей, орун басарына өткөрүп койгонуна капа болуп жатышат. Мамлекеттик макамдагы ишти өкмөт башчы өзү аткарсын да. Бул биринчи таарыныч. Экинчи таарынычы — мэрия эски аянтка Усубалиевдин атын беребиз деп жатыптыр. Эй, ушул уят эмеспи. Жаңы аянтты салган кишиге эски аянттын атын берген бул эскилик эмес, кемчилик да", — деди ал.

Момбеков коңшу мамлекеттерде мамлекеттик белгилүү ишмерлердин атын тарыхта калтыруу боюнча аракеттер мыкты болуп жатканын айтты.

"Ал эми биз 25 жыл партиянын жетекчиси болгон кишиге өкмөттүн үйүнүн алдындагы парковканын атын берип жатабыз да. Мамлекеттик мартабалуу кишиге кыла турчу мамилеби? Туугандары Биринчи Май районунун атын берсе жакшы болмок деп жатат. Бербесе бербей эле койсун дейт. Артык кылабыз деп тыртык кылбайлы", — деди Момбеков.

Быйыл 4-февралда президент Сооронбай Жээнбеков белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча Жарлыкка кол койгон болчу.

Усубалиев Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптанып өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал 1919-жылы Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган. 2015-жылы 6-сентябрда узакка созулган оорудан каза болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0