Кыргызстан өнөктөштөрдөн кандай курал-жарак алат? Расмий жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония передачи Россией Кыргызстану двух военно-транспортных самолетов АН-26 и авиационной технико-эксплуатационной части (АТЭЧ)
Церемония передачи Россией Кыргызстану двух военно-транспортных самолетов АН-26 и авиационной технико-эксплуатационной части (АТЭЧ) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик өнөктөштөр жабдууларды берүүдө ар дайым Кыргызстандын талаптарын эске алары айтылды.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстан учурда Россия, Кытай, Түркия, Индия сыяктуу мамлекеттер менен аскердик жактан кызматташат. Бул тууралуу КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынан билдиришти.

Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган ведомствого "Кыргызстанга кайсы чет өлкөлөр аскердик-техникалык жардам берет" деген суроо менен кайрылган.

Редакцияга келген маалыматка таянсак, жогорудагы өлкөлөрдөн кызматташтыктын алкагында атайын техникалар келип турат.

"Жардам иретинде авиациялык, авто жана сооттолгон техника, курал-жарак, байланыш каражаттары, талаа шартында колдонулчу медициналык жана инженердик жабдуулар келет. Чет элдик өнөктөштөр жабдууларды берүүдө Кыргызстандын талаптарын ар дайым эске алгандыктан, аларды керектөө боюнча көйгөй жаралбайт", — деп айтылат жоопто.

Передача автомобильной техники Министерством общественной безопасности Китая МВД Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Сооттолгон жолтандабастар. Кыргызстан ШКУ саммитин утурлай кандай белек алды
Белгилек кетсек, Россия 2016-жылы Кыргызстанга толук комплекттүү БТР-70М соот транспорту жана БТРдин механик-айдоочуларын интерактивдүү окутуу үчүн компьютердик жабдыктарды тапшырган. 2017-жылы АН-26 эки аскер учагын берген.

Быйылкы жылы ошол эле стратегиялык өнөктөшүбүздөн эки ирет жардам келди. Алгач жыл башында Россия Кыргызстанга 125 атайын аскердик техника берсе, апрель айында штабга МИ-8МТ үлгүсүндөгү эки тик учак менен сооттолгон тогуз аскер машинасын жөнөттү

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0