14:33 16 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
 Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-сентябрда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту.

Жээнбеков Абылгазиев менен жолугуп, өкмөттүн негизги милдеттерин эске салды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
144 0 0

Мамлекет башчы өкмөт күнүмдүк жашоодогу ар кыл чакырыктарга тез реакция кылып, тиешелүү чараларды ыкчам көрүшү зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-сентябрда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө сөз болду.

  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с Премьер-министром Кыргызской Республики Мухаммедкалыем Абылгазиевым. 4 сентября 2019 года
    Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-сентябрда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев DOSALIEV SULTAN
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с Премьер-министром Кыргызской Республики Мухаммедкалыем Абылгазиевым. 4 сентября 2019 года
    Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө сөз болду.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев DOSALIEV SULTAN
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-сентябрда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту.

Мамлекет башчы өкмөт социалдык оң жана терс көрүнүштөргө, күнүмдүк жашоодогу ар кыл чакырыктарга тез реакция кылып, тиешелүү чараларды ыкчам көрүшү зарылдыгын белгиледи.

Президент өкмөттүн негизги милдети — экономиканы өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу экенин айтты.

"Өкмөттүн иштөөсү үчүн өлкөдө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги өз ара конструктивдүү иштеп жатат. Ошондуктан өкмөт иштеши гана керек. Башка талап жок", — деди президент.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономиканын тармактарын өнүктүрүү, аймактык өнүктүрүү боюнча актуалдуу чаралар, өлкөнү санариптештирүү, инфраструктуралык жана агроөнөржай долбоорлорун ишке ашыруу боюнча аткаруучу бийлик органдарынын азыркы ишмердиги жөнүндө айтып берди.

Тема боюнча

Абылгазиев Бишкекте аёосуз сабалган жигиттер боюнча үн катты
"Ала-Тоо" аянты, Жээнбеков, Отунбаева. Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгынан ирмемдер
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, Мухаммедкалый Абылгазиев, президент, өкмөт

ЭҢ МААНИЛҮҮ