Билим берүү министринин милдетин ким аткарат?

© Sputnik / Табылды КадырбековВизит президента Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедова в КР
Визит президента Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедова в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлмира Кудайбердиева өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин милдетин министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев аткарат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

4-сентябрда Гүлмира Кудайбердиева өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

"Биринчи орун басар сыяктуу, министрдин милдетин автоматтык түрдө статс-катчы аткарат", — деди Эсенгул уулу.

Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев кызматка 2018-жылы январда келген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0