02:38 23 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3135
  • RUB1.0964
Портфель. Архив

Экс-министр өкмөттүн Жогоку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды

© Sputnik / Владимир Федоренко
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
254 0 0

Абытов буга чейин өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Алмасбек Абытов өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков бүгүнкү, 4-сентябрдагы, жыйында айтты. 

В Жогорку Кенеше начал работать новый постоянный представитель правительства — Алмасбек Абытов.
© Пресс-служба правительства КР
Алмасбек Абытов өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Ал буга чейин өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Спикер Жумабеков Абытов буга чейин бир топ маанилүү жана жоопкерчиликтүү иштерди аркалап келгенине токтолду. Анын айтымында, Абытов техникалык илимдердин кандидаты.

Эмгек жолун Улуттук илимдер академиясында инженер болуп баштаган. Жогорку Кеңештин аппаратынын ар кандай түзүмдөрүн жетектеген. Учурунда эмгек, иш менен камсыздоо жана миграция министри болгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Белгилер:
өкмөт, Жогорку Кеңеш, дайындоо

ЭҢ МААНИЛҮҮ