00:48 22 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Экс-кандидат в президенты Омурбек Бабанов после допроса в Госкомитет национальной безопасности КР

Бабанов Текебаевдин үй камагына чыгышы боюнча пикирин айтты. Видео

© Sputnik / Нурис Алымбаев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иши (25)
11181 0 0

Бабанов жакынкы аралыкта Текебаев толук акталат деп үмүттөнөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн, 30-августта, үчүнчү ирет УКМКга сурак берип чыкты. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Бабанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып тергөөчүлөр мурда козголгон кылмыш иши боюнча суракка алышканын айтты. Ошондой эле башка иштер боюнча дагы күбө катары өтүп жатканын белгилеп, маалыматты жарыялабоо боюнча тил катка кол коюп бергендиктен эмне иштер экенин айта албастыгын кошумчалады.

Саясатчыга жакында эле үй камагына чыгарылган Өмүрбек Текебаев боюнча да суроо берилди.

"Текебаевге козголгон иш саясий буйрук экенин мурда эле айтып келгем. Аны толугу менен акташат деп үмүттөнөм. Өлкөдө ушундай соттук чечимдер чыгып жатканына кубандым", — деди Бабанов.

Эске салсак, Өмүрбек Бабановго УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде, улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде, бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кийин ал чечиминен кайра баш тарткан. Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта, Бишкекке келип, тарапташтары тосуп алган. Ал эми УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен болчу.

Тема:
Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иши (25)

Тема боюнча

Өмүрбек Бабанов УКМКга күлүп-жайнап кирип кетти. Сүрөт, видео
Бабанов: УКМК Он-Адырдан башка иш боюнча суракка алды
Өмүрбек Бабанов УКМКга кирип кетти. Сүрөт
Белгилер:
УКМК, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ