Сынга сынды... Жалал-Абад мэринин агасы кызматта бир жума иштеп кайра кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономический форум "Евразийская экономическая перспектива" в Бишкеке
Экономический форум Евразийская экономическая перспектива в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абаддын мэри өзүнүн бир тууган агасын кызматка дайындаган.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин бир тууган агасы Абдималик Тагаев мэрияга караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине директор болуп бир жума иштеп, кайра ордун тапшырды. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда мэр бир тууган агасын Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчылыгына дайындаганы туурасында маалымат тараган. Буйрукка Мураталы Тагаев 21-августта өзү кол койгон. Бул бир жумадан кийин ачыкталып, коомчулуктун кескин сынына кабылган. Мындан улам Абдималик Тагаев өз ыктыяры менен арыз жазууга аргасыз болгон.

"Абдималик Тагаев эл тарабынан көп сын айтылгандан кийин "инимдин ишине кедергиси тийбесин" деп, өз арызы менен кызматын тапшырды", — деди маалымат катчы.

Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаарынын мэри болуп 2018-жылдын 11-июнунда шайланган. Ага чейин шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеп турган.

Буга чейин Тагаев өзүнүн мончосунда айылдык кеңештин депутатын сабап койду деп арыз түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0