Эки министр эки башка сүйлөп... Чодуев Экономика министрлигине кине койду

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев. Архив
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркинбек Чодуев Экономика министрлиги да кызматкерлеринин рангын чоңойтуп Кытайга жөнөтүп жатканын айтты. Буга Санжар Муканбетов жооп берип, айтканын төгүнгө чыгарууда.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Экономика министрлигинде да бөлүм башчыны "министрдин орун басары" рангы менен Кытайга жөнөтүп жатышат. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Эске салсак, Айыл чарба министрлиги экспорт бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиеваны министрдин орун басары рангы менен "XXI кылымдагы Деңиз Жибек Жолу" деп аталган Кытайдагы эл аралык жарманкеге жөнөтүүгө белсенген. Бул жагдайды Башкы прокуратура текшерип, эки мыйзам бузуу аныкталып, премьер-министрдин атына күнөөлүү тараптарды дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу боюнча кат жөнөткөн.

Чодуев маек учурунда ушундай эле кырдаал башка министрликтерде дагы кайталанса көңүл бурулбай жатканына таң калган.

"Анара Беккулиева эч кандай рангга ээ эмес. Комиссиянын иликтөөсүндө менин эки орун басарым катка кол койгону белгилүү болду. Алар Тышкы иштер министрлиги аркылуу иштеши керек эле, бирок уюштуруу комитетине түз жиберип коюшкан. 23-августтан баштап Гуандун шаарына кетмек, анысы билинип калгандан кийин барган жок. Мени таң калтырганы, социалдык тармактарда жалгыз гана Айыл чарба министрлигин талкуулап жатышат. Башка министрликтер деле өзүнүн кызматкерлеринин рангын чоңойтуп жөнөтүп жатышат. Анара Беккулиева менен чогуу Экономика министрлигинен да барышмак. Эмнегедир Айыл чарба министрлигине чабуул болду", — деп айткан Чодуев.

Деген менен экономика министри Санжар Муканбетов айыл чарба министринин айткандарын төгүнгө чыгарды.

Директор Госагентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства Абдыкалык Рустамов - Sputnik Кыргызстан
Сындан башы чыкпай... Пара менен кармалган Рустамовдун алешем иштери
"Айтылган кепти четке кагам. Кытайдан эки чакыруу келген, бирок ага эми барышат. Биринчиси, мамлекеттик стандарт боюнча тажрыйба алмашууга бөлүм башчы барат. Экинчиси, "Бир жол — Бир алкак" программасы боюнча орун басарым Автандил Алыбаев барганы жатат. Ал эми "XXI кылымдагы Деңиз Жибек Жолу" жарманкесине чакыруу келген-келбегенин билбейм, бирок ага бизден эч ким барган жок", — деди Муканбетов.

Белгилей кетсек, Кытайда жыл сайын өтүүчү "XXI кылымдагы Деңиз Жибек Жолу" эл аралык жарманкеге катышуу үчүн айыл чарба министринин орун басары рангындагы кызматкерге чакыруу келген. Жол кире, тамак-аш жана башка чыгымдарды чакырган тарап төлөп берет. Аталган жарманке 23-26-августта өтмөк.

Жаңылыктар түрмөгү
0