Кайсы мугалимдин айлыгына канча сом кошулат? Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековМугалимге гүл берип жаткан окуучу. Архив
Мугалимге гүл берип жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда агартуучулардын айлыгы 1-октябрдан тарта 30 пайызга жогоруламакчы.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 1-октябрдан тарта мугалимдердин айлыгын көтөрүү үчүн канча каражат керектиги жана ал кайдан алынары айтылды.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, 2019-жылы республикалык бюджеттен билим берүү чөйрөсүнө 29,3 миллион сом каралган, анын 74,8 пайызы маянага жумшалат.

Эске салсак, буга чейин мугалимдердин айлыгы көтөрүлөрүн алгач президент Сооронбай Жээнбеков, андан соң премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев убадалаган.

30 пайыз айлыктын кайсы бөлүгүнө кошулат?

Кара-Булак айылындагы мектеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекет окуткан 1531 жаш мугалим аймактарга иштөөгө жиберилди
30 пайыз — республика боюнча билим берүү жаатында иштеген 120 миң кызматкердин базалык айлыгына кошула турган төлөм. Ал эми калган компенсациялык (бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштегендерге) жана дем берүү фондусунан алынган бөлүктөр өзгөрүүсүз калат.

Мындан тышкары, ишинен өзгөчөлөнгөн мугалимдерге сый акы катары кошумча акча төлөп берүү каралган. Бирок анын суммасы так айтылган жок. Сый акынын негизги максаты — демилгелүү мугалимдерди колдоо жана жаш адистерди шыктандыруу.

Капчыгы калыңдай турган окутуучулар кимдер?

  • жалпы билим берүү мекемелеринин 77 миң 860 мугалими;
  • мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 7 миң 694 тарбиячысы;
  • кесиптик-техникалык окуу жайлардын 3 миң 680 мастери;
  • училище, колледждердин 7 миң 427 окутуучусу;
  • билим берүүнүн дагы башка 23 миң 339 кызматкери. Бул топко директорлор, алардын орун басарлары, методисттер жана финансисттер кирет.

Азыркы жана көтөрүлгөндөн кийинки айлыктын суммасы

Айлыкты көтөрүү менен биргеликте мугалимдердин эмгегин балоо системасында мурда кетирилген катачылыктар дагы жоюлганын Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берди.

"2011-жылы педагогдордун айлык акысын төлөөнүн жаңы системасы киргенде адилетсиздик болуп калган. Советтер Союзу учурунда бүтүп келип, азыр насаатчы болуп калган мугалимдердин айлыгы магистратураны жаңы бүтүп, бирок насаатчы боло элек мугалимдерден азыраак чыкчу. Насаатчы өзүнүн үйрөнчүгүнөн аз айлык албашы керектиги эске алынып, бул эки топтун базалык айлыктары теңештирилди", — деди Жусупбекова.

Ошентип агартуучулардын айлыгынын базалык бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша маянага 1 984 сомдон тарта 5 258 сомго чейин акча кошулганы турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0