Бийлик менен сүйлөшүп алып келдиби? Өмүрбек Бабанов кайтышы тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековЖКнын мурунку депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив
ЖКнын мурунку депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта Бабанов УКМКда сурак берип жатат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өлкөгө кайтаарда бийлик менен эч кандай сүйлөшүүлөр болбогонун айтты.

Белгилей кетсек, экс-депутат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип жатат. Бабанов 2017-жылы шайлоо өнөктүгүндө Ош шаарынын Амир Тимур кичирайонунда сүйлөгөн сөзү боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары өтүүдө. Ал жарышта Бабанов экинчи болуп келген.

Суракка кирер алдында ал элди улут аралык кастыкка эмес, биримдикке чакырып өткөнүн айтып берди.

"Азыр мекениме кайтып суракка чакырылдым. Өлкөдөн чыгып кетип жатканымда мени бардыгы коркок экен дешти эле. Эми келерде бийлик менен сүйлөшүп алган деп жатышат. Мен анткен эмесмин, эгер сүйлөшүүлөр болсо анда суракка чакырышпайт эле", — деди Бабанов.

Экс-депутат кечээ Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка кирип чыкты. Бабанов "Кыргызстан" банкы боюнча бир нече суроого жооп бергенин айтты.

Экс-депутат ЖК Омурбек Бабанов отвечает на вопросы журналистов перед допросом в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Президентке жана күч түзүмдөрүнө рахмат! Бабановдун УКМК алдындагы видеосу
Өмүрбек Бабановго УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде, улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде, бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кайра кийин ал чечиминен баш тарткан.

Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта Бишкекке келип, тарапташтары менен жолугушкан. Ошол эле учурда УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0