Президентке жана күч түзүмдөрүнө рахмат! Бабановдун УКМК алдындагы видеосу

© Sputnik / Нурис АлымбаевЭкс-депутат ЖК Омурбек Бабанов отвечает на вопросы журналистов перед допросом в ГКНБ
Экс-депутат ЖК Омурбек Бабанов отвечает на вопросы журналистов перед допросом в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутат президенттик шайлоонун алдында Он-Адырда сүйлөгөн сөзү боюнча сурак берүүдө.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берүү үчүн кирип кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди.

Ал УКМКнын босогосунда журналисттерге жооп берип жатып, президентке жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине ыраазычылыгын билдирди.

"Мен белгилеп кетейин. Мени аэропорттон кармабай, үй-бүлөм менен ээн-эркин жолугушууга, кичи мекениме барып келүүгө уруксат берген президентке, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине ыраазычылык билдирем. Суракка сылык түрдө чакырышып, тергөөчүлөр да мени менен абдан сылык сүйлөшүп жатат. Мындан ары дагы иш мыйзам чегинде уланат деп ойлойм", — деди Бабанов.

Белгилей кетсек, саясатчы кечээ, 19-августта, "Кыргызстан коммерциялык банкынын" иши боюнча Финполго сурак берген. Ал эми бүгүн президенттик шайлоонун алдында Он-Адырда сүйлөгөн сөзү боюнча УКМКга кирди.

Экс-депутат ЖК Омурбек Бабанов отвечает на вопросы журналистов после допроса в Государственной службе по борьбе с экономическими преступлениями - Sputnik Кыргызстан
Бабановдун кайсы иш боюнча сурак бергени белгилүү болду
Өмүрбек Бабановго УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде, улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде, бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кайра кийин ал чечиминен баш тарткан.

Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта Бишкекке келип, тарапташтары менен жолугушкан. Ошол эле учурда УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0