УКМК Бабанов суракта кайсы суроолорго жооп берерин айтты

Жазылуу
Экс-депутатка мурда атайын кызмат тарабынан эки кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Экс-депутат Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоонун алдында Он-Адырда сүйлөгөн сөзү боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, саясатчы кечээ, 19-августта, "Кыргызстан коммерциялык банкынын" иши боюнча Финполго сурак берген.

"Буга чейин Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча президенттикке талапкерге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында Өмүрбек Бабанов суракка чакырылды. Ал күбө катары өтүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Республика — Ата-Журт партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов чет жакка эмнеге кеткендигин айтты
Өмүрбек Бабановго УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кайра кийин ал чечиминен баш тарткан. 

Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта Бишкекке келип, тарапташтары менен жолугушкан. Ошол эле учурда УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0