Алмазбек Атамбаев сотко качан алып келинери белгилүү болду

Жазылуу
Мурдагы президентке баш-аягы жети учур боюнча айып тагылууда.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын кароо боюнча арызы 16-августта саат 10:00дө Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, сотко Алмазбек Атамбаев да алынып келет.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Мурдагы президентке Башкы прокуратура 5 айып койгон болчу:

  • Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата зомбулук жасоо;
  • Башаламандык уюштуруу;
  • Адам өлтүрүүнү уюштуруу;
  • Адам өлтүрүүгө аракет жасоону уюштуруу;
  • Кишилерди барымтага алуу.

Кийин Атамбаевге ТЭЦти модернизациялоо менен "Форум" имаратына байланыштуу дагы эки иш боюнча айып тагылган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0