Башкы прокуратура Атамбаевге коюлган айыптарды санап берди. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда мурдагы президент УКМКнын тергөө абагында. Буга чейин ал коррупция боюнча айыпталып жатканы кабарланган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата кандай айыптар коюлганын Башкы прокуратуранын Тергөө жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев маалымат жыйында билдирди.

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Опумбаев: Абдил Сегизбаевди эч ким аткан эмес, чалынып жыгылып кетсе керек
Бүгүн УКМКнын жетекчиси, башкы прокурор жана ИИМ башчысы Атамбаевдин кармалышы боюнча маалымат жыйын өткөрдү.

Буга чейин мурдагы президент Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталып жатканы маалымдалган.

Анын айтымында, 7-8-августта болгон окуя боюнча ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы сотко чейинки тергөө иштерин баштаган. Бейшекеев тергөө жүрүп жаткандыктан айрым иштер кандай тергелип жатканы боюнча суроого жооп берген жок.

"Атамбаевге бир катар оор кылмыштарды жасоого шектелгени боюнча кабар берилди", — деди ал.

Мурдагы президентке коюлган айыптардын тизмеси:

  • Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата зомбулук жасоо;
  • Башаламандык уюштуруу;
  • Адам өлтүрүүнү уюштуруу;
  • Адам өлтүрүүгө аракет жасоону уюштуруу;
  • Кишилерди барымтага алуу.

ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
УКМКнын башчысы Атамбаев чабуулга кандайча даярдык көргөнүн айтты
Белгилей кетсек, 7-августта атайын кызматтын аскерлери Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылып, бирок андан майнап чыккан эмес. Тилекке каршы, атайын даярдыктагы бир аскер каза болгон. 8-августта күч түзүмдөрү мурдагы президенттин үйүнө кирип келип аны кармап, суракка алып кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, эки күндөгү чыр-чатактан 136 киши ар кандай жаракат алган.

Атамбаевдин баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук сотунун судьясы карап, соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0