12:21 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Атамбаевди кармоо операциясы тууралуу Жээнбеков билгенби? УКМКнын жообу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (140)
3075 0 0

Опумбаев Жээнбековго кармоонун беш вариантын сунуштаганын белгиледи.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча катуу тапшырмаларды берген. Бул туурасында УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Учурда Кой-Таштагы окуя боюнча УКМК башчысы Орозбек Опумбаев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ИИМ башчысы Кашкарбек Жунушалиев маалымат жыйын өткөрүүдө.

Опумбаев Жээнбековго кармоонун беш вариантын сунуштаганын белгиледи.

"Мен президент Сооронбай Шариповичке беш вариантты алып барып көрсөткөм. Ал күч менен алып келүү боюнча катуу тапшырма берген. Бирок курал колдонуп ок атылбасын, эл жапа чекпесин деп эскерткен. Бирок бул операция качан жасалат жана кайсы вариантты колдонорубуздан кабары болгон эмес. Чечимди өзүм кабыл алгам", — деди Опумбаев.

Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Спецназдын алты аскери 20 саатка барымтага алынган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 26-августка чейин камакта калтырды. Мындан сырткары, бир нече тарапташы камалып, суракка чакырылууда.

Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (140)

Тема боюнча

УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура Атамбаевдин кармалышы тууралуу. Видео
Башкы прокурор: Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынды
ИИМ: Атамбаевдин кармалышынан кийинки ызы-чууда азыркы жана экс-депутаттар жүрдү
Белгилер:
операция, Сооронбай Жээнбеков, УКМК, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ