ИИМ: Атамбаевдин кармалышынан кийинки ызы-чууда азыркы жана экс-депутаттар жүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКой-Таш айылындагы ИИМ кызматкерлери
Кой-Таш айылындагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийин алардын аты-жөнү да керек болсо айтыла турганын белгиледи.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин кечинде бийликти басып алып, шаарды талап-тоноого аракеттер болгонун маалымат жыйында айтты.

Эске салсак, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Орозбек Опумбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы тууралуу маалымат жыйын өткөрүштү.

"Алардын арасында соттолгондор менен наркомандар бийликти алып, шаарды тоноп, ызы-чуу салганга аракет жасашты. Ошолодун аркасында аларды уюштурган азыркы жана мурдагы депутаттар бар экенин айта кетем. Азыр тергөө жүрүп жатат. Кийин керек болсо алардын аты-жөнүн да айтабыз", — деди ал.

Жунушалиев ошондой эле эки күндөгү жаңжалда 79 милиция кызматкери ташбараңга алынып, түрдүү жаракат алганын айтты. Учурда алардын экөөсүнүн абалы оор.

Жаңылыктар түрмөгү
0