Кой-Таштагы окуя: камакка алынгандар менен суракка чакырылгандардын тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековКой-Таш айылындагы ИИМ кызматкерлери
Кой-Таш айылындагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө атайын операция жүргүзүп, 8-августта мурдагы президентти колго түшүргөн. Эртеси ага карата баш коргоо чарасы тандалып, 26-августка чейин абакта калтырылган.

Мындан сырткары, соттун чечиминин негизинде бир катар адамдар камакка алынган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аларды тизмектейт.

Камактагылар

Сторонники А. Атамбаева перекрыли площадь Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте башаламандык уюштурду деп беш киши камакка алынды
Алмазбек Атамбаев менен чогуу кармалган КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязовго карата Биринчи Май райондук соту 10-август күнү эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ал 8-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында болот.

Ошол эле күнү УКМКнын кызматкерлерин барымтага алууга жана массалык башаламандыкты уюштурууга шектелип КСДП штабынын өкүлдөрү Алга Кылычев, Кыяз Смайлов жана Амантур Жамгырчиев кармалган. Алар да 8-октябрга чейин Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Суракка чакырылгандар

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева 9-август күнү сурак берип чыккан. Ал ИИМдин тергөө кызматына адамды барымтага алуу иши боюнча күбө катары сурак бергенин билдирген.

Ал күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова да суракка алып келинген. Чакырылгандардын арасында Равшан Жээнбеков менен Мээрбек Мискенбаев да бар.

10-август күнү болсо 7-август окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында көрсөтмө берүү үчүн Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев, жакын тууганы Нурбек Шаршенов менен КСДПнын штабында иштеген Кундуз Ажыбекова, Эрмек Окенов, Темирлан Султанбеков суракка чакырылган.

Задержание сотрудниками МВД бывшего президента Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
ИИМ Атамбаевдин үйүнөн табылган бир нече куралдын сүрөтүн жарыялады
Учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Жазык кодексинин бир нече беренеси боюнча тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы 7-августта башталып, максатына жеткен эмес. УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган.

Атамбаев 8-август күнү кечинде сүйлөшүүлөрдөн кийин милиция кызматкерлерине багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 26-августка чейин камакта калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0