Дмитрий Медведев Кыргызстанга келди

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүУчастие премьер-министра РФ Д. Медведева в заседании Евразийского межправительственного совета
Участие премьер-министра РФ Д. Медведева в заседании Евразийского межправительственного совета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапардын жүрүшүндө Дмитрий Медведевди өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Президент РФ В. Путин принял участие в неформальной встрече глав государств СНГ - Sputnik Кыргызстан
Шавкат Мирзиёев кыргыз элине акыл-эстүүлүк каалады
Аны Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан өлкөнүн вице-премьери Замирбек Аскаров тосуп алды.

Сапардын жүрүшүндө Медведевди президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы кезектеги жыйыны эртең, 9-августта, Ысык-Көл облусунунЧолпон-Ата шаарында өтмөкчү.

Буга чейин иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга Белоруссиянын премьер-министри Сергей Румас менен Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0