Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы тандалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президентти Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармап, УКМКнын имаратына алып келишкен.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы тандалып, 26-августка чейин абакта калтырылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Адвокаттын айтымында, Атамбаевдин баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соттун судьясы караган. Соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Белгилей кетсек, Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармап, УКМКнын имаратына алып келишкен.

Митинг сторонников Алмазбека Атамбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин кармалышынан кийин Бишкекте эмне болуп жатат. Онлайн-репортаж
7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн, бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 85 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракети боюнча өзүнүн пикирин билдирген. Жээнбеков

Атамбаев мурда шектүү катары суракка чакырылып келген болсо, эми оор кылмыш жасаган киши катары чакырыларын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0