Алмазбек Атамбаевди ИИМ имаратына алып келишти

© Sputnik / Табылды КадырбековБывший президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев
Бывший президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдары Атамбаевди бүгүн, 8-августта, Кой-Таштагы үйүнөн кармаган болчу.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди укук коргоо органдары ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып келишти. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматына таянуу менен Sputnik Жакынкы чет өлкө Telegram-каналы жазып чыкты.

Укук коргоо органдары Атамбаевди бүгүн, 8-августта, Кой-Таштагы үйүнөн кармаган болчу.

Өрт, октун үнү. Атамбаевдин үйүнүн жанындагы ызы-чуунун видеосу - Sputnik Кыргызстан
Өрт, октун үнү. Атамбаевдин үйүнүн жанындагы ызы-чуунун видеосу
Бүгүн, 8-августта, саат 16:30дар чамасында Кой-Ташта Атамбаев менен милиция кызматкерлеринин кайтадан кагылышуусу башталганы айтылган. Укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу граната колдонушкан. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары милиционерлер тарапка таш жана бензин куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.

Эске салсак, 7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан эки күндөн бери 85 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракети боюнча өзүнүн пикирин билдирген. Жээнбеков Атамбаев мурда шектүү катары суракка чакырылып келген болсо, эми оор кылмыш жасаган киши катары чакырыларын айткан.

Жогорку Кеңеш дагы бүгүн чукул жыйынга чогулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0