Жогорку Кеңешке президент Сооронбай Жээнбеков келди

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы элге кайрылып, маселелер мыйзам чегинде чечилерин белгиледи.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына келди.

Өлкө башчы өз сөзүн кечээги кагылышуудан каза тапкан жоокердин өлүмүнөн баштады.

"Кырчындай жигиттин өлүмү бийликтен да, байлыктан да, саясий дымактан да жогору турат. Менин дагы жүрөгүм аябай ооруп турат. Бул аябай орду толгус жоготуу, бирок мындай болбошу керек эле. Арты кайырлуу болсун”, — деди Жээнбеков.

Андан соң элге кайрылып, баары жакшы болорун, маселелер мыйзамдын негизинде чечилерин белгиледи. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0