Жээнчороев: президентти чакыралы, болбосо Жогорку Кеңешти таркаталы

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Мирлан Жээнчороев. Архив
Депутат Мирлан Жээнчороев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кой-Таш айылындагы кырдаалга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракеттерине өз баасын берди.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бүгүн парламентке президент жана премьер-министр келип, өлкөдөгү кырдаал боюнча талкуу кылбасак, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатсын. Мындай сунушун депутат Мирлан Жээнчороев парламенттин кезексиз жыйыны учурунда айтты.

Эске салсак, Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалдан улам Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулду.

"Абал абдан кооптуу болуп турат. Биз бул жакка президентти жана өкмөт башчыны чакыралы. Мындан ары эмне кыларыбызды баарыбыз биргеликте талкуулашыбыз керек. Эгер бүгүн андай талкуу болбой турган болсо, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатууну баштасын", — деди эл өкүлү.

Депутаттар Атамбаевдин маселесин карай башташты. Кезексиз жыйындан түз эфир - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар Атамбаевдин маселесин карай башташты. Кезексиз жыйындын видеосу
Депутаттын мындай сунушунан соң төрага Дастан Жумабеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыйынга чакырылганын, жолдо келе жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын ишке ашырууга аракет кылып, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Натыйжада эл менен кагылышуу болуп, операция ишке ашпай калган. Атышуудан 50дөн ашык киши жабыркап, спецназдын бир жоокери каза тапкан.

Бул кырдаалга байланыштуу ушул тапта президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракеттерине өз баасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0