Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга түштөн кийин чогулат

© Sputnik / Табылды КадырбековГид по Бишкеку: здание Жогорку Кенеша Кыргызской Республики
Гид по Бишкеку: здание Жогорку Кенеша Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал боюнча буга чейин Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракеттерине өз баасын берген.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга бүгүн, 8-августта, саат 14.00дө чогулат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Регламент боюнча депутаттардын үчтөн бир бөлүгү кол койгон соң, кезексиз жыйын өткөрүүгө болот. Бир нече депутат түнү менен иштеп, тиешелүү өлчөмдө кол топтой алды. Азыр региондо иштеп жүргөн эл өкүлдөрү Бишкекке келип жатат. Бирок жыйынга канчасы катышары каттоодон кийин гана билинет", — деди Нуракун уулу.

Штурм дома Атамбаева в селе Кой-Таш. День второй - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев мындан кийинки кадамдары кандай болорун айтты. Сүрөт
Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын ишке ашырууга аракет кылып, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Натыйжада эл менен кагылышуу болуп, операция ишке ашпай калган. Атышуудан 50дөн ашык киши жабыркап, спецназдын бир жоокери каза тапкан.

Бул кырдаалга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракеттерине өз баасын берди.

Учурда Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0