Эмгек өргүүсүндөгү Сооронбай Жээнбеков Бишкекке келе жатат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүСооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, өлкө башчы эмгек өргүүгө 5-августта чыккан.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкекке келе жатат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, мамлекет башчысы эмгек өргүүсүнө 5-августта чыккан.

Бүгүн, 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын кызматтын аскерлери бастырып киришкен. Операция учурунда ок атылып, бир нече киши жаракат алган. Алардын айрымдары  ооруканага жеткирилген. УКМК элге карата желим ок чыгарылганын билдирди.

Ал ортодо депутат Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаевдин учурда кайда экенин айтты

Азыр Кой-Ташта эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар

Жаңылыктар түрмөгү
0