Жалал-Абад облустук ЖКККБнын башчысы дайындалды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваНачальник управления по обеспечению безопасности дорожного движения УВД Жалал-Абадской области Авазбек Досов
Начальник управления по обеспечению безопасности дорожного движения УВД Жалал-Абадской области Авазбек Досов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жетекчини өздүк курамга ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Нур Сатыбалдиев тааныштырды.

ОШ, 2-авг. — Sputnik. Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп Авазбек Досов дайындалды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-августта жаңы дайындалган жетекчини өздүк курамга ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Нур Сатыбалдиев тааныштырган.

"Авазбек Досов сынактын негизинде аталган кызматка дайындалды. Ал эми буга чейин иштеп келген Төрөбай Бекбергенов 2018-жылдан бери аталган бөлүмдүн башчысынын милдетин аткарчу", — деди Сатыбалдиев.

Авазбек Досов 1995-жылдан бери ички иштер органдарында иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0