Өзбекстандын өкмөт башчысы менен талкуулана турган маселелер аталды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевРабочий визит премьер-министра РУз Абдуллы Арипова в Бишкек
Рабочий визит премьер-министра РУз Абдуллы Арипова в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын өкмөт башчысы 1-августта жумушчу сапары менен Бишкекке келген.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында эки тарапка тиешелүү бүт маселелер талкууланат. Бул туурасында вице-премьер Жеңиш Разаков журналисттерге билдирди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров баштаган делегация Өзбекстанда өткөн Улуу Жибек Жолу маданий музыкалык-фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышына катышты - Sputnik Кыргызстан
Мадумаров баштаган Баткен делегациясы Өзбекстандагы фестивалга катышууда. Сүрөттөр
Анын айтымында, биринчи кезекте чек араны делимитациялоо маселеси каралмакчы. Андан соң эки тараптуу экономикалык кызматташуу, чек арадагы өткөрмө пунктулардын иштөө тартиби талкууланат. Ошондой эле Орто-Токой суу сактагычын мындан ары иштетүү тартиби боюнча келишимди ишке ашыруу күн тартибине киргизилген.

Разаков учурда Өзбекстан тарап да, Кыргызстан да чек ара маселесин чечүүгө кызыкдар болуп жатканын маалымдады. Айрым көйгөйлүү тилкелер сүйлөшүү тартибинде чечилмекчи. Ал эми жер алмашуу маселеси каралбай турганын белгиледи.

Жолугушуулар тар жана кеңири чөйрөдө өтөт.

Өзбекстандын өкмөт башчысы бүгүн, 1-августта, жумушчу сапары менен Бишкекке келген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0