Автоунаа ээлерине жаңы техпаспорт бериле баштады. Эскисин алмаштыруу керекпи

Жазылуу
Мурдагы күбөлүктөрдү алмаштыруунун зарылдыгы жок.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы 26-июлдан тарта автоунаанын жаңы үлгүдөгү күбөлүгүн бере баштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

"Жаңы күбөлүктү автоунаасын 26-июлдан тарта каттоого тургузгандар ала баштайт. Мурдагы күбөлүктү алмаштыруунун зарылдыгы жок. Ал эми 2019-жылдын 10-июнунан тарта убактылуу күбөлүк алган жарандар алмаштыруусу керек. Ал үчүн жаңы бланктын баасын, тагыраагы, 192 сом төлөп коюу жетиштүү", — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы документ жакшыртылган жасалгасы жана коргоочу элементтердин (20 элемент) көптүгү менен айырмаланат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ГП «Инфоком» (@infocom_kg)

Маалыматта айтылгандай, бланктар жакшыртылганы менен баасы мурдагыдан төрт эсе арзанга турду. Ошондой эле эсеп улуттук валюта менен жүргүзүлгөн. Мисалы, мурда бир күбөлүк 10 еврого (800 сомдун тегереги) бааланчу. Азыр анын баасы, жогоруда айтылгандай, 192 сом болуп калды.

Баса, жаңы үлгүдөгү күбөлүк Кыргызстан мүчөлүк кылган Жол эрежелери боюнча Вена конвенциясынын бардык талаптарына жооп берет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0