Жээнбеков менен Рахмон чек ара чуусуна карабай жолугат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-июль күнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмондун жолугушуусун уюштуруу иштери уланууда. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Чек ара чатагына чейин эле дипломатиялык каналдар аркылуу даярдыктар көрүлүп жаткан, ал уланууда. Жолугушуунун датасы жана кайсы жерде болору тууралуу кийинчерээк кабарланат", — деди президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева.

Буга чейин Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон Исфара шаарында чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Ворух анклавына да барары кабарланган.

Нападение на прохожих в Сургуте - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: 14 кыргызстандык жабыркады
Бирок кечээ, 22-июлда, Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыкты. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушкан. Ал эми ага аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда тараптардын бири ок чыгарган. Мамлекеттик чек ара кызматы окту жай тургундар деле чыгарышы ыктымалдыгын айтууда. Анткени мергенчинин мылтыгы атылган.

Окуя болгон жерден 315 кыргыз жараны эвакуацияланды.

Ал эми акыркы маалыматтарган караганда, кыргыз-тажик чек арасында кайтадан ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бири жаракат алганы айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0