Жээнбеков менен Рахмон Ворухка барат. Кыргыз-тажик чек арасы талкууланат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон. Архив
 Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн жетекчилери Ворух анклавында сүйлөшүп, андан сырткары, чектеш аймакта жашаган кыргыз-тажик эли менен жолугат.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бул аптанын соңунда Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон Исфара шаарында чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Ворух анклавына да барат. Бул туурасында Sputnik Тажикстан билдирди.

Эки өлкөнүн жетекчилери аталган анклавда сүйлөшүп, андан сырткары, чектеш аймакта жашаган кыргыз-тажик эли менен жолугары айтылды.

Буга чейин президент Жээнбеков Баткен облусундагы чек ара маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, эки элдин ортосунда чыгып кеткен чыр-чатакка күч түзүмдөрүн айыптаган.

Граница между Киргизией и Казахстаном - Sputnik Кыргызстан
Жүк ташуучулар кыргыз-казак чек арасынан жеңил өтөт. Премьерлер сүйлөштү
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку масштабдуу чыр 13-мартта Ак-Сай айылы менен коңшу өлкөнүн Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыккан.

Кыргыз өкмөтү жакында эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери боюнча эки тараптын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу тобунун кезектеги жолугушуусу Исфара шаарында өтөрүн кабарлаган.

Эки өлкө жарандарынын ортосунда чек ара чыры маал-маалы менен чыгып турат. Жакында эле Баткен районунун Достук айылынын тургунун коңшу мамлекеттин Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармап кеткени маалым болгон. Бул фактыга нааразы болгон эл облустук администрацияга келип, аларга тиешелүү тараптар маалымат берген. Бирок алигүнчө ал кишиден дайын жок болуп жаткандыгын 17-июлда Баткен облустук милициясынан кабарлашты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0