ПРООН Кыргызстан менен кызматташууну улантат. Нью-Йорктогу жолугушуу

Жазылуу
Аскаров ПРООНдун кылган кол кабышы Кыргызстандын демократиялык институтту өнүктүрүү боюнча тандап алган багытына дал келерин билдирген.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. БУУнун өнүктүрүү программасынын администратору Ахим Штайнер Кыргызстан менен алаканын бир багыты — өлкөнүн мамлекеттик башкаруусу менен экономикасын санариптештирүү алкагындагы кызматташуу экендигин айтты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Администратор бул пикирин Кыргызстандын вице-премьери Замирбек Аскаров менен жолугушууда айткан.

Алар Нью-Йорк шаарында "Туруктуу өнүгүү боюнча саясий форумдун жогорку деңгээлдеги сегменти" деп аталган иш-чаранын алкагында кездешкен.

КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Алтыбаева: 2010-жылы ПРООНдун координатору 17 миң доллар маяна алып турган
Аскаров ПРООНдун шайлоо процессинин өнүктүрүүгө жасаган кол кабышы Кыргызстандын демократиялык институтту өнүктүрүү боюнча тандап алган багытына дал келерин билдирген.

Вице-премьер 2020-жылдагы туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын жетишкендиги боюнча улуттук баяндама жасоо ниетин айткан. Ал өлкөдө 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүгүү жаатында улуттук стратегия ишке ашып жаткандыгын, анын ичинде 2019-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялангандыгын кабарлаган.

Штайнер жолугушууда кыргыз тарап менен мындан аркы кызматташуу уланарын айткан.

Ал эми Аскаров Штайнерди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0