Алмазбек Атамбаев ИИМге үчүнчү ирет чакырылды. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келген кагаз боюнча Атамбаев 19-июлда саат 10:00дө ИИМге барышы керек.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ИИМге үчүнчү ирет суракка чакырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү киши билдирди.

© Фото / источник в правоохранительных органахПовестка на допрос в МВД бывшему президенту КР Алмазбеку Атамбаеву
Алмазбек Атамбаев ИИМге үчүнчү ирет чакырылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Повестка на допрос в МВД бывшему президенту КР Алмазбеку Атамбаеву

Бүгүн, 18-июлда, милиция кызматкерлери Атамбаевге ИИМге келип сурак берүү үчүн үчүнчү ирет билдирүү катын алып келди. Ал катта Атамбаев 19-июлда саат 10:00дө барышы керек.

Мурдагы президентке сурак берүү үчүн кагаз биринчи жолу 8-июлда, андан кийинки кагаз 10-июлда келген. Бирок Атамбаев азыркы бийлик "бийлик укуктук талаадан чыгып кетти" деп, тергөөчүнүн сурагына келбей тургандыгын журналисттерге айткан.

Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда күбөнү суракка кайсы учурда мажбурлап алып келет. Юристтин жообу
Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0