13:54 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив

Атамбаев мүмкүнчүлүк болсо чет жакка чыгып келүүгө даяр экенин билдирди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Москвага сапары (19)
852 0 0

Буга чейин айрым ЖМКлар Атамбаев Евразия банкынын башкаруучулугунун төрагасы Андрей Бельяниновдун чакыруусу менен Россияга бара турганын жазышкан.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен сүйлөшүп жатып, эгер мүмкүнчүлүк болсо, Кыргызстандын тышына бир нече күнгө чыгып келүүгө даяр экенин айтты.

Буга чейин айрым ЖМКлар Атамбаев Евразия банкынын башкаруучулугунун төрагасы Андрей Бельяниновдун чакыруусу менен Россияга бара турганын жазышкан.

Мурдагы президент Кыргызстандан биротоло кетпей турганын белгиледи.

"Балким зарыл иштер менен эки күнгө бир жакка учуп барып келишим мүмкүн. Бирок тийиштүү мүмкүнчүлүк менен шарт керек. Мен учуп кетип, мамлекетти мындан ары жок кылууга жол бербейм, антип ойлошпосун. Бул менин мекеним", — деди Атамбаев.

Ошол эле учурда ал кайда учуп бара турганын так айткан жок.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөөсү негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси.

Тема:
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Москвага сапары (19)

Тема боюнча

Кыргызстанда күбөнү суракка кайсы учурда мажбурлап алып келет. Юристтин жообу
Атамбаев кайрадан суракка чакырылды. Сүрөт
Белгилер:
чет өлкө, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ