16:48 23 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Кылмыш иши папкасы. Архив

Нигериянын сенатору мекендешинин өлүмү үчүн кыргыз бийлигин жоопко тартууга чакырды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
1126 0 0

Саясатчы өзүнүн билдирүүсүндө нигериялыктардын чет өлкөдө көп каза боло баштагандыгына кооптонуп жаткандыгын айткан.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Нигериянын сенатору жана жарандык укук боюнча конгресстин президенти Шеху Сани мекендеши Али Абубакардын өлүмү боюнча Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазган.

Саясатчы өзүнүн билдирүүсүндө нигериялыктардын чет өлкөдө көп каза боло баштагандыгына кооптонуп жаткандыгын айткан.

"Федералдык өкмөт Али Тиджани Абубакардын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү боюнча Кыргызстандын бийлигин жоопкерчиликке тартышы керек", — деп жазды ал.

​Эскерте кетсек, окуя 2-июль күнү болжол менен саат 16.00дө ЦУМдун жанынан болгон. Чет элдик жаранды жанындагы киши бир чаап, соккудан улам ал асфальтка кулап эс-учун жоготкон. Жабырлануучу реанимацияда комага түшүп калган.

Кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге чет элдик жаранды сабаган жаранды табууну тапшырган.

Кылмышка шектүү катары 22 жаштагы кыргызстандык жигит кармалган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) жанында сабалган Нигериянын жараны 5-июлда ооруканада каза болгондугун билдирген.

Тергөө маалында маркум менен шектүү бири-бири менен тааныш эместиги, экөө ЦУМдун чыга беришинен кокусунан түртүшүп кеткендиги аныкталган. Андан кийин сөздөн-сөз чыгып уруша кетип, шектүү чет элдик жаранды уруп жибергенде жыгылып, жерге кара кушу менен тийген.

Кылмыш ишин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иликтөөдө. Иш Жазык кодексинин 138-беренеси («Ден соолукка оор зыян келтирүү») боюнча Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге катталган.

Тема боюнча

Нигерия жаранынын сокку жеп, жыгылган учуру видеого түшүп калган
Белгилер:
Нигерия, кылмыш, адам өлтүрүү, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ