Казак премьери Маминдин иш сапары учурунда кол коюлган документтер. Тизме

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевОфициальный визит премьер-министра Казахстана Аскара Мамина в Кыргызстан
Официальный визит премьер-министра Казахстана Аскара Мамина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскар Мамин Кыргызстанга расмий иш-сапары менен 12-июлда келген.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Алар:

— "Элет Агрохолдинг" ЖЧКсы жана Continental Agro Trade ЖЧКсынын ортосундагы айыл чарба продукциясын сатуу жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

— "Хайтун" ЖЧКсы жана Continental Agro Trade ишканасынын ортосундагы айыл чарба продукциясын сатуу жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

— "Дордой Базары" ЖЧКсы жана Continental Agro Trade ишканасынын ортосундагы айыл чарба продукциясын сатуу жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

— АК ЭСК KazakhExport, AAEngineering Group жана "Глобал Жамгыр Майнинг" ишканалары ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим (экспорттук жеткирүүлөрдү камсыздандыруу);

— "ДАМУ" ишкердикти өнүктүрүү фондусу" АКсы менен "Кепилдик фонду" ААКсынын ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

Граница между Киргизией и Казахстаном - Sputnik Кыргызстан
Жүк ташуучулар кыргыз-казак чек арасынан жеңил өтөт. Премьерлер сүйлөштү
— Кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуу жана салык башкаруу иш-аракеттер планы;

— Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги менен Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин ортосундагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— VIII кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин протоколу;

— 2012-жылдын 11-майындагы Кыргызстан жана Казакстан өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагында жана Казакстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протокол.

Эске салсак, Аскар Мамин кечээ, 12-июлда, Кыргызстанга расмий иш-сапары менен келген. Анын алкагында өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, тараптар тар жана кеңири чөйрөдө талкуу кылып, сүйлөштү. Ошондой эле Мамин президент Сооронбай Жээнбеков менен да жолукту.

Жаңылыктар түрмөгү
0