Уран казууга бир да лицензия берилген эмес. Эмил Осмонбетов менен маек

© Фото / пресс-служба ГКПЭН КРӨнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов
Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов
 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы мезгилде кен казуу тармагына жөнөкөй жарандардан тарта, мамлекет башчы да катуу сын-пикир айтып келет. Алар  — лицензия берүү, кен иштеткен компаниялардын экологиялык, экономикалык милдеттемелеринин аткарылышы  жаатындагы башаламандыктар.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов менен маек курду.

© Sputnik / Мирбек СакеновӨнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин Эмил Осмонбетов 2018-жылдын сентябрь айынан бери жетектеп келет
Уран казууга бир да лицензия берилген эмес. Эмил Осмонбетов менен маек - Sputnik Кыргызстан
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин Эмил Осмонбетов 2018-жылдын сентябрь айынан бери жетектеп келет

— Сөзүбүздү жыл башында өткөн Коопсуздук кеңешинин отурумунан баштайлычы. Президент мекемедегилерди катуу сындаган. Мамлекет башчы комитеттеги кызматкерлердин жоопкерчилигин карап чыккыла дегенге чейин барган эле, ошондон бери кандай өзгөрүүлөр болду?

— Түрдүү кызматтагы 12-13 адам жумуштан алынды, азыр иштер соңуна чыгып калды. Негизи президенттин сындаганы орундуу болчу. Коомчулукта резонанс жаралган 41 лицензия боюнча укук коргоо органдары иштөөдө. Лицензияларга байланыштуу жоопкерчиликтер каралып азыр айрым фактылар боюнча кылмыш иштери жүрүп жатат, бирок бизде толук маалымат жок. Ошондой эле инвентаризация жүргүзүлүп, буга чейин берилген 2571 уруксат кагаздын 2420сы калды. Бул көйгөй көптөн бери топтолуп келген экен, четинен ар бирин изилдеп Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы менен иштеп жатабыз. Себеби көзөмөл бизде эмес. Мындан сырткары, өзгөртүү киргизе турчу бир топ мыйзамдар бар болчу. Алардын кээ бири өкмөткө сунушталып, дагы бири Жогорку Кеңешке жиберилди.

— Буга чейин жергиликтүү тургундар Шамби-Сай, Чаткал, Макмалдагы кендер боюнча нааразычылыгын билдирип, бир топ ызы-чуу болгон эле. Бул багытта эмнелер жасалды?

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов: уран кенин казууга тыюу салган мыйзам долбооруна бут тоскондор көп
— Бизде Солтон-Сары, Шамби-Сай өңдүү бир нече чуулуу кендер бар. Чындыгында, буга чейин калк менен иштешүүдө, аларга маалымат жеткирүүдө аксап келгенбиз. Азыр кендер жайгашкан жерлерге кызматкерлер барууда. Эми жаңы тартип боюнча элдин макулдугу жок кен иштетилбейт. Эгер биз сынак жарыяласак, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар сунуш-пикирин айтып комиссиянын курамына тоскоолдуксуз кире алышат. Мурда элеттиктердин оюн эч ким сурабай эле уруксат кагазын бере берчү. Азыр экологиялык же атайын корголгон аймактарга да лицензия бербөө чечим кабыл алынды. Ошондой эле кен иштетүү тармагына заманбап техникаларды алып келип, экологияга келтирген зыянды болушунча төмөндөтүүгө аракет жасап жатабыз.

— Кенге берилген лицензиялардан өлкө казынасына жыл сайын канча акча түшөт? Көрсөткүчтөрдү жогорулатуу аракеттери жүрүп жатабы?

— 2018-жылы кен казуу тармагынан мамлекетке 11 миллиард 444 миллиом сом түшсө, ушул жылдын беш айында 4 миллард 110 миллион сомго жетти. Бул көрсөткүчтөр жаман эмес, өкмөт башчыдан тапшырма алдык, муну дагы жогорулатуу максатын койдук.

© Фото / пресс-служба ГКПЭН КРКомитеттин төрагасы: мамлекетке 2018-жылы кен казуу тармагынан 11 миллиард 444 миллиом сом түштү
Уран казууга бир да лицензия берилген эмес. Эмил Осмонбетов менен маек - Sputnik Кыргызстан
Комитеттин төрагасы: мамлекетке 2018-жылы кен казуу тармагынан 11 миллиард 444 миллиом сом түштү

— Мекеменин лабораториясына, кендерди чалгындоого кайрыла кетелик, качан өзүбүз чалгындап, өзүбүз кендерди ача баштайбыз?

— Лаборатория ишмердүүлүгүндө көйгөйлөр толтура. Өзүбүздүн "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишкананы чарбалык субъект катары акционердик коом кылалы деп жатабыз. Анын жетекчиси өз алдынча инвестиция тартып, өзү жоопкерчиликти алып, алдыга жылдырат эле. Чалгындоодогу изилдөөлөрдү өздөрү ишеничтүү жасап, көзөмөл жагынан мамлекеттин кызыкчылыгын коргойт эле. Чалгындоо боюнча айтсам, союз учурунда геологдор Кумтөр, Жер-Үй, Чаткал, Солтон-Сарыны таап, айрымдарын ачкан. Эгемендүүлүк алгандан бери биз бир дагы кенди ача элекпиз. Буюрса, өзүбүз башка өлкөнүн геологдору менен бергеликте иштеп архивдик документтерди тактап, өкмөткө келечеги бар 20-30 кенди сунуштайлы деп турабыз. Анан сөзсүз бир кенди инвестор иштетем десе, мамлекеттик үлүш болушу абзел. Муну сынактагы талаптарга жобо кылып киргиздик. Себеби бул өндүрүштүн ийгиликтүү иштешине, ички чарбалык, каржылык жагын ачык-айкын көзөмөлдөгөнгө жол ачат.

— Учурда лицензияны комитет берет, андан кийинки негизги көзөмөлдү Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция жүргүзүүдө. Ошол укуктун сиздерде жоктугу тоскоолдуктарды жараткан жокпу жана алууга кызыкдарсыңарбы?

— Ар бир компания кенде долбоор, техникалык-экономикалык негиздеменин негизинде иштейт. Биз анын баарын экспертизадан өткөрүп беребиз. Менимче, кенди коргоо, көзмөлдөө бизде болсо жакшы эле. Ошондо толук жоопкерчиликти өз мойнубузга алып, келишимдердин аткарылышын түзмө-түз көзөмөлдөп чара көрө алат элек.

— Геология, энергетика жана өндүрүш тармактары комитеттин карамагында, аларды толук кандуу көзөмөлдөө жагы кандай?

— Геология, өндүрүш, энергетика бири-бири менен тыгыз байланышкан экен. Геология менен өндүрүш энергиясыз иштебейт, энергетика геологиясыз өнүгө албайт. Албетте, алардын ар бири чоң тармак, өзүнүн өзгөчөлүктөрү менен. Мисалы, энергетика тармагынын эле 100 миллиард сомдон ашык карызы бар, көйгөйлөрү өтө эле көп. Биринчиден, Камбар-Ата-1-2 ГЭСтерин бүтүрүп, экинчиден Жогорку Нарын каскадындагы курулуштарды аягына чыгарыш керек. Ошондо энергетикалык коопсуздугубузду сактай алабыз. Ал эми гидроэлектростанциялардын модеринизациялоо иштери улантыла берет. Эң негизгиси, «Улуттук энергохолдингдин» ичинде оңдоо иштерин аткарган компания түзүшүбүз керек болуп жатат. Аларга жумуш толтура жана жыл сайын бул кызматтарга бир топ акча жумшалат. Жеңил өнөр жайда болсо, салыштырмалуу көйгөй азыраак. Үчөөнүн тең өнүгүүсү боюнча стратегия иштелип чыгууда.

© Фото / пресс-служба ГКПЭН КРЭмил Осмонбетов: эми элдин макулдугу жок бир да кен иштетилбейт
Уран казууга бир да лицензия берилген эмес. Эмил Осмонбетов менен маек - Sputnik Кыргызстан
Эмил Осмонбетов: эми элдин макулдугу жок бир да кен иштетилбейт

— Коопсуздук кеңешинин отурумунан кийин сиздин орун басарлар жумуштан кетти. Учурда кандай кыйынчылыктар болууда?

— Кадр маселесинде кыйынчылыктар бар. Жаштар келип, иштеп үйрөнүп алып айлыктын аздыгынан жеке компанияларга кетип калууда. Биз негизи лицензияга сынак жарыялаганда андан акча түшсө, сыйлык берип колдоп, окууларга, командировкага жиберип жатабыз. Баары бир айлык аз. Комитеттин төрагасы — 24,5 миң сом алам, орун басарларым 22 миң 700 сом, башкармалык, бөлүм башчылары 17 миң, башкы адис 14 миңдей жана жөнөкөй адис 11 миңдей алат. Буга дагы тажрыйбасы, класстык чинине да акча кошулат. Жакшы адистерди кармай албай жатабыз.

— Качан мамлекет өлкө аймагындагы кендерди өзү иштете баштайт?

Кумтөр алтын комбинаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Кумтөрдүн кирешесин күтпөй өнүгүүнүн башка жолун көрсөттү
— Мамлекеттик "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомунун көрсөткүчтөрү төмөндөп, Солтон-Сары кенин планын аткара албай жатат. Макмалда иш токтоп калды, аны кайра жандандыруу үчүн убакыт керектелет. Ошол үчүн "Кыргыз алтын" кендерди талдап, инвесторлорду тартып мамлекеттик үлүш менен өндүрүшкө киргизиши керек. Мамлекеттик ишкана катары кен тармагында өлкөдөгү эң негизги оюнчу болуусу зарыл. Албетте, келечекте өзүбүз иштетишибиз керек. Бардык маселелерди эске алып, келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо менен түзүлүшү зарыл. Анткени кен бир күнү түгөнөт, инвестор болсо кетип калат. Азербайжанда болуп, көрүп келдим. Ири мунай кенин инвестор менен биргеликте иштетүү үчүн юристтер келишимди эки жылдай убакыт сарптап даярдашкан экен. Ал инфраструктурасы менен кен 2020-жылы 100 пайыз мамлекетке өтөт.

— Сөзүбүздүн соңунда буга чейин берилген уран лицензиялар боюнча айта кетсеңиз. Сиздер айрымдарын кайра кайтарып алып жатасыздар, бирок алар буга чейин өздөрүнүн дараметине жараша изилдөөгө, чалгындоого акча сарптаган. Анан компаниялардын комитет менен соттошууга толук укугу бар эмеспи?

— Ысык-Көлдүн Кызыл-Омполдогу уран кени боюнча иштеген комиссия ишин улантып жатат. Жалпы өлкө аймагында уранга байланыштуу 18 лицензия берилген. Анын тогузун мыйзам чегинде жокко чыгардык, калганы боюнча тиешелүү мекемелер иштөөдө. Айрымдарынын бизди сотко берүү тобокелдиги бар, анткени алар каражат жумшаган. Бирок уранды казууга бир да лицензия берилген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0