Жээнбеков Атамбаевге соцтармактан көз салат. Кайсы аткаминер кимге катталуу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын учурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков жана мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын учурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков жана мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет желе мейкиндигинде "Атамбаев менен Жээнбеков араздашууда, бирок Instagram тармагында экөө бири-биринин баракчасына катталган боюнча турат" деген мем аралап жүрөт. Sputnik Кыргызстан редакциясы аны байкаары менен аткаминерлердин социалдык медиа баракчаларын, ким кимге катталганын карап чыгууну чечти.

Бүгүнкү күндө эл жашоосунун басымдуу бөлүгүн интернетте, анын ичинде социалдык тармактарда өткөрөт. Көптөр андан көз каранды болуп калганы да байкалат, жада калса айрым аракеттерине "соцтармактагы достору кандай реакция кылар экен" деп жүрөкзаада да болот. Кээде жашообуз ушул жактагы лайк жана комментарийлер менен көзөмөлдөнүп калгандай элес калтырат.

Бул нерседен биздин аткаминерлер да четте калган эмес. Кээде дал ушул соцтармак алардын ишин жөнгө салып коёт. Sputnik агенттигинин кабарчысы социалдык тармактарга көз жүгүртүп, мамлекеттик кызматкерлер менен саясатчылардын "желедеги жашоосун", кимиси кимге катталганын карап көрдү. Негизинен алар чет элдик саясатчылардын, өз кесиптештеринин, мамлекеттик органдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын баракчаларын окушат экен.

Президент Сооронбай Жээнбеков

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков
Жээнбеков Атамбаевге соцтармактан көз салат. Кайсы аткаминер кимге катталуу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков

Сооронбай Жээнбековдун Twitter баракчасы верификацияланган эмес, башкача айтканда, каттоо эсебинин жекелиги тастыкталган эмес. Мамлекет башчынын баракчасына 952 киши катталган.

Верифицированные страницы социальных сетей известных людей из КР - Sputnik Кыргызстан
Каримова, Шевченко, Бабанов... Соцтармакка расмий катталган атактуулар
Президент өзү 17 кишинин баракчасын гана окуйт. Тагыраагы, беш киши, 12 ЖМК, алардын арасында Sputnik Кыргызстандын баракчасы да  бар. Ошондой эле президент Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын, Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Карим Масимовдун, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин, ошондой эле Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин баракчаларын окуйт.

Сооронбай Жээнбековдун биринчи твити 2017-жылдын 24-майында жарыяланган. "Менин расмий аккаунтума кош келиңиздер!" — деп жазган президент. Мамлекет башчынын баракчасында жалпы 55 жазуу бар, ал негизинен жолугушуулары туурасында бөлүшөт.

Айтмакчы, президенттин Facebook баракчасын барактагандар көбүрөөк, аны 3072 киши окуйт. Билдирүүлөр дээрлик күн сайын жарыяланат.

Сооронбай Жээнбековдун Instagram баракчасы да тастыкталган эмес. Мамлекет башчысына 223 киши катталган, президент өзүнүн басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын жана Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин баракчасына көз салат.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев
Жээнбеков Атамбаевге соцтармактан көз салат. Кайсы аткаминер кимге катталуу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев

Алмазбек Атамбаев акыркы твитин 2013-жылы, катталгандан туура бир жылдан соң жарыялаган.

Анын баракчасы да тастыкталган эмес. Мамлекетибиздин мурдагы башчысы "Кудай буюрса, жакшы жашоого акчабыз да болот!" — деп жазган соңку твиттеринин биринде.

Баракчаны 393 киши окуйт, Атамбаев өзү Түркиянын мурдагы президенти Абдуллах Гүл, Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Карим Масимовдун, Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин жана Кремлдин расмий жаңылыктарын окуйт.

Алмазбек Атамбаевдин Instagram баракчасында 778 жазуу бар, 155 миңден ашуун киши катталган, бирок анын расмий баракчасы да тастыкталган эмес. Мурдагы президент КСДПнын, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жана Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун баракчаларын окуйт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Жээнбеков Атамбаевге соцтармактан көз салат. Кайсы аткаминер кимге катталуу - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Премьер-министр Instagram айдыңында жалгыз Кыргызстандын президентинин баракчасына гана катталган. Ал эми өкмөт башчынын жазгандарын дээрлик 40 миң киши окуйт. Баса, аткаминерлердин арасында жалгыз Мухаммедкалый Абылгазиевдин Instagram баракчасы верификацияланган.

Бишкек мэри Азиз Суракматов

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек мэри Азиз Суракматов
Жээнбеков Атамбаевге соцтармактан көз салат. Кайсы аткаминер кимге катталуу - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэри Азиз Суракматов

Быйыл январда социалдык медианын Instagram бутагында Азиз Суракматов да катталган. Анын баракчасы тастыкталган эмес, катталгандардын саны да болгону — 665. Бишкек мэри өзү жаңылыктарды жана "Бишкекасфальтсервис", Троллейбус башкармалыгы, Бишкек башкы архитектурасы, "Тазалык", Бишкек жашылдандыруу, "Бишкек жарык берүү" өңдүү муниципалдык ишканалардын баракчаларын калтырбай окуйт.

Андан сырткары, Азиз Суракматов президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаевдин, КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин, ЖК депутаты Элвира Сурабалдиеванын, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун баракчаларына катталган. Ошондой эле Колумбия округунун мэри Мюриел Баузер жана Москва калаасынын башчысы Сергей Собяниндин профилдерине көз салат.

ЖК төрагасы Дастан Жумабеков

© Фото / пресс-служба ЖК/ Ашыркул ОморовЖК төрагасы Дастан Жумабеков
Жээнбеков Атамбаевге соцтармактан көз салат. Кайсы аткаминер кимге катталуу - Sputnik Кыргызстан
ЖК төрагасы Дастан Жумабеков

Спикердин Facebook тармагында гана баракчасы бар. Ага 1 223 адам катталуу.

Вице-спикер Мирлан Бакиров

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-спикер Мирлан Бакиров
Жээнбеков Атамбаевге соцтармактан көз салат. Кайсы аткаминер кимге катталуу - Sputnik Кыргызстан
Вице-спикер Мирлан Бакиров

Бакировдун Facebook тармагында төрт баракчасы бар. Анын үчөө жеке болсо, бирөө бизнес жүргүзүүгө арналган. Аккаунттарынын бирине Сары-Челек коругунда эс алып жүргөн сүрөттөрүн жүктөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0