КСДПны кайра каттоо. Юстиция министрлиги мыйзам бузуусу боюнча үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депуттаттары. Архив
КСДП фракциясынын депуттаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта КСДПнын бир бөлүгү партия лидери катары Сагынбек Абдрахмановду тааныса, дагы бир бөлүгү Асел Кодуранованын жетекчилиги алдында. Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын реестринде КСДП жетекчиси катары Абдрахманов көрсөтүлгөн, мындай жагдай Атамбаевдин тарапташтырынын нааразычылыгын жаратууда.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Башкы прокуратура Сагынбек Абдрахманов КСДПнын лидери катары катталган жагдайды мыйзам бузуу деп тапкан жок. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты.

Ушу тапта КСДПнын бир бөлүгү партия лидери катары Сагынбек Абдрахмановду тааныса, дагы бир бөлүгү Асел Кодуранованын жетекчилиги алдында.

Кечээ, 5-июль күнү, партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков Юстиция министрлиги КСДПны кайра каттоодо мыйзам бузганын Башкы прокуратура тастыктап бергенин, тийиштүү кат партияга да келгенин маалымдаган.

Руководитель фонда имени Суймонкула Чокморова Сагынбек Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Сагынбек Абдрахманов КСДПнын эсептеги акчасы менен мөөрүн талап кылды
"Биз Юстиция министрлигине Алмазбек Атамбаев партиянын төрагалыгын тапшырып, төраганын милдетин аткаруучу болуп Асел Кодуранова дайындалганы тууралуу кабар бергенбиз. Аны Юстиция министрлиги жети жумушчу күндүн ичинде юридикалык жактардын бирдиктүү реестрине катташы керек болчу. Бирок алар белгиленген мөөнөт ичинде киргизбей, мыйзамды аткарбай койду. Биз 14-июнда Юстиция министрлиги мыйзамды бузуп жатат деп Башкы прокуратурага кайрылдык. 24-июндагы каты менен Башкы прокуратура мыйзам бузулганын ырастап, "мыйзам бузууну калыбына келтиргиле" жана "аны бузган адамдарды тартиптик негизде жазалагыла" деп сунуш киргизген", — деген ал.

Ал эми Юстиция министрлиги Башкы прокуратуранын мыйзам бузууну жоюу боюнча 24-июндагы сунушу электрондук базага КСДП лидери катары киргизилген Сагынбек Абдрахмановго эч тиешеси жок экенин айтты.

"Сунуш 28-майда Кодурановадан аны КСДПнын лидеринин милдетин аткаруучу катары бекитүү боюнча түшкөн арызды кароо мөөнөтү узарып кеткенине байланыштуу гана берилген", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, буга чейин мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Юстиция министрлигинин үстүнөн жазган арызынан кийин Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен сотко чейинки өндүрүш баштаган. Материалдар УКМКга жөнөтүлгөн.

Иса Өмүркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иса Өмүркулов өлкөдөн чыгып кеттиби? КСДП фракциясынын жообу
18-апрелде Юстиция министрлигинин сайтындагы КСДП боюнча маалыматта партиянын дареги менен жетекчиси өзгөргөн. Саясий уюм эми 7-Апрель көчөсүндө эмес, Эркиндик проспектисинде жайгашып, "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын лидери болуп Сагынбек Абдрахманов көрсөтүлгөн.

Абдрахманов 2019-жылы 3-апрелде КСДПнын съездин өткөрүп, саясий кеңеш бекитилип, партиянын төрагалыгына шайланганын айткан. Ал эми Алмазбек Атамбаев башында турган КСДПчылар үч күндөн кийин өз съездин өткөргөн. Юстиция министрлиги алардын дарегине Сагынбек Абдрахмановдон партиянын курамы, жетекчиси жана дареги алмашканы боюнча билдирүү келгенин маалымдап, ошонун негизинде партиянын юридикалык маалыматтары өзгөргөнүн билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0