ЖК төрагасы жана депутаттары бир жылда канча өлкөгө барган? Тизме

Жазылуу
Кыргызстандын парламенти 26 мамлекет менен кызматташат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасынын жылдык отчётунда спикер жана депутаттар сессия мезгилинде (2018-жылдын 1-сентябрынын 2019-жылдын 1-июнуна чейин) иш сапар менен кайсы өлкөлөргө барганы жарыяланды.

Андан эл өкүлдөрү эң көп барган мамлекеттер тизмектелип, депутаттар Францияга 5, АКШга 5, Азербайжанга 5, Казакстанга 6 жана Россияга 29 жолу иш сапарга чыкканы жазылган. Ал эми төрага Франция, Азербайжан, Эстонияга бир жолу визит жасап, Казакстанга эки жолу, Россияга үч ирет барып келген.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Депутат Момбеков: көрүнбөй кеткенимдин себеби бар
Фракциялар боюнча эсептей келгенде КСДП 38, Республика — Ата-Журт" 33, "Кыргызстан" 26, "Өнүгүү — Прогресс" 23, "Ата Мекен" 18 жана "Бир Бол" фракциясынын 17 депутаты чет өлкөгө визит жасаган.

Негизи Кыргызстандын парламенти 26 мамлекет менен кызматташат. Алар: Россия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Азербайжан, Эстония, Австрия, Армения, Бельгия, Германия, Грузия, Дания, Испания, Канада, Катар, Кения, Кот д`Ивуар, Молдова, Сауд Аравия, АКШ, Франция, Шри-Ланка, Япония.

27-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы аяктап, депутаттар эки айлык каникулга чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0