Депутат Момбеков: көрүнбөй кеткенимдин себеби бар

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архивное фото
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучулары депутат Рыскелди Момбеков акыркы кезде көп көрүнбөй кеткенин айтып, бир катар жоромолдорун жазышкан болчу.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков эмне себептен акыркы учурда көрүнбөй кеткенин айтты. Анын видео маеги Жогорку Кеңештин Facebook баракчасына жарыяланды.

Социалдык тармактын колдонуучулары депутат Рыскелди Момбеков акыркы кезде көп көрүнбөй кеткенин айтып, бир катар жоромолдорун жазышкан болчу.

Момбеков эч жакка деле кетпегенин, Кыргызстанды кыдырып, Казакстанга чейин барып келгенин айтты.

"1-июндан 4-июнга чейин Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Токтогул райондорун кыдырып чыктым. Андан кийин Казакстандагы шайлоолорго байкоо салганы ТҮРКПАнын комиссиясынын курамына кирип, ал жакта төрт күн болдум. Келгенден кийин Алмамбет Шыкмаматов менен Жумгалда болдум. Кечээ жакында кайрадан Токтогул, Кетмен-Төбө, Кара-Көл шаарчасына барып, эл менен болгон жолугушууларга катышып келдим", — деди Момбеков.

Эл өкүлү өз сөзүндө Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча жыйынга катышпай калганын ооруканада болуп калганы менен байланыштырды.

Төрага кол тийбестик боюнча: парламент Атамбаевге таарынгандай кыз эмес! Видео - Sputnik Кыргызстан
Төрага кол тийбестик боюнча: парламент Атамбаевге таарынгандай кыз эмес! Видео
"Эски ооруларымды эмдеп, ооруканадан кечээ гана чыктым", — деди ал.

Депутат ден соолугун чыңдап жатканда акын Тургунбек Бекболотовдун китептерин окуп чыкканын, анын жазгандары эмнегедир бүгүнкү күндөгү саясаттын ыргагына, багытына дал келип жатканын айтып, анын ырларынан окуп берген.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айткан айрым ачуу кептерине ыр түрүндө жооп берген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0