Азимбек Бекназаровдун уулу президенттик аппаратка кызматка алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров. Архив
Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары Жалал-Абад облусунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалаган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров КР президентинин аппаратында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнө эксперт болуп дайындалды. Маалыматты өлкө башчынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

"Руслан Бекназаровдун эмгек тажрыйбасын эске алуу менен бул кызматка алынды. Анын милдеттери — өлкөнүн аймактарында жашаган жарандардан келген кайрылууларды анализдөө жана андан аркы иш жүргүзүүсүнө эксперттик сунуштарды киргизүү", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин ал тышкы иштер министринин жардамчысы, Кыргызстандын Япониядагы элчилигинде атташе болуп эмгектенген. Акыркы жылдары Жалал-Абад облусунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0