Сооронбай Жээнбеков Баткенде жүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Сооронбай Жээнбеков. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сапар өлкөнүн аймактарын кыдыруу иштеринин алкагында болгон.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Баткен облусуна баргандыгын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул өлкөнүн аймактарын кыдыруу иштеринин алкагында болгон.

"Президент Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушуп, социалдык-экономикалык тармактын объектилерин кыдырат", — деп айтылат маалыматта.

Жээнбеков буга чейин, 30-июнда, Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага катышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0