Төрага Жумабеков айрым депутаттардын Бабановго жолукту дегени боюнча үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖКнын мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив
ЖКнын мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарда депутаттар Москва шаарынан экс-депутат Өмүрбек Бабанов менен жолукту деген маалыматтар тарап жатат.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков айрым депутаттар — Канат Исаев менен Төрөбай Зулпукаров мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов менен жолукту деген маалыматтарды интернет булактарынан гана окуганын айтып, депутаттардын өзү менен жолуга электигин билдирди.

Бүгүн, 3-июлда, төрага 6-чакырылыштагы депутаттардын кезектеги сессиясынын жабылышы боюнча журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү.

"Чынын айтайын мен деле сиздер сыяктуу интернет булактардан окудум. Биз 27-июнда сессияны жапканбыз. Айрым депутаттар шайлоочулар менен жолукканы аймактарга кетсе, кээ бири эмгек өргүүгө чыкты. Мен "Бабановго барып келди" деген депутаттар менен сүйлөшө элекмин. Балким, иш сапары менен барганда жолугушуулар болгондур. Мен аны жок же бар деп айта албайм", — деди ал.

Эске салсак, социалдык тармактарда депутаттар Канат Исаев менен Төрөбай Зулпукаровдун Москва шаарынан экс-депутат Өмүрбек Бабанов менен жолукту деген маалыматтар тараган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0