Ишенгүл Болжурова ТИМдин Коомдук кеңешинин төрайымы болуп шайланды

© Фото / Константин КондратенкоИшенгүл Болжурова. Архив
Ишенгүл Болжурова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук кеңештин мүчөлөрү Болжурованы бир добуштан колдошкон.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ишенгүл Болжурова Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

ТИМнин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМдин экс-кызматкери өлкө 4 мамлекет менен кантип сүйлөшүү жүргүзгөнүн айтты
Маалыматка караганда, 2-июлда Коомдук кеңештин жыйыны өтүп, анын мүчөлөрү Болжурованы бир добуштан колдоп беришкен.

Ал эми Уран Ахметов жооптуу катчы болуп шайланган.

Белгилей кетсек, Ишенгүл Болжурова убагында билим берүү жана илим министри кызматын аркалап, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0