ЖК депутаттары каникул алдында кайда барып келишти. Тизме

© Sputnik / Расул УсеналиевЖогорку Кенеш. Архив
Жогорку Кенеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы аяктап, депутаттар каникулга кеткен.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Июнь айында Жогорку Кеңештин депутаттары жети мамлекетке барып келген. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды.

Ал жерден ошондой эле жүйөлүү себептер менен Жогорку Кеңештин жыйынына катышпай калган депутаттардын да аты-жөнүн табууга болот.

Июнь айында кайсы депутат кайсы мамлекетке барып келген:

Жогорку Кенеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш сентябрга чейин каникулга тарады
Аргентина (Буэнос-Айрес) — Дастан Бекешев, КСДП фракциясынын депутаты;

АКШ — Дастан Бекешев Нью-Йоркко барса, Айнура Осмонова (КСДП) менен Акылбек Жапаров ("Бир Бол") Орландодо болгон;

Франция (Страсбург) — Исхак Пирматов ("Бир Бол"), Сагындык Келдибаев ("Республика — Ата-Журт");

Грузия — Аалы Карашев (КСДП);

Сингапур — Элвира Сурабалдиева (КСДП);

Япония (Токио) — Рада Туманбаева ("Республика — Ата Журт")

Россия (Москва) — Исхак Масалиев ("Өнүгүү — Прогресс")

27-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы аяктап, депутаттар каникулга чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0